Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2014-жылы эл аралык уюм катары түзүлгөн. Максаты евразиялык интеграциянын шартында КРдин экономикасын өнүктүрүү жана модернизациялоо.
Фонддо түздөн-түз каржылоо менен банктар аркылуу кичи бизнеске 33-38 млн доллар бөлүнүп берилип, пайыздык чендери АКШ доллары менен 7% дан 4% га чейин төмөндөтүлгөн. Кичи жана орто бизнести каржылоо үчүн банктар аркылуу 5 жылдык мөөнөткө жылдык пайызы 5-12% өлчөмүндө насыялар берилип, насыялоонун мөөнөтү 5 жылдан 15 жылга чейин жогорулатылган.
«Фонд кичи жана чакан бизнестерди түз каржылоо менен иштейт. Быйыл 9 долбоорду бекиттик. Алар өндүрүш тармагына каржыланып жатат. 2016-жылы 100 млн долларлык болгон насыяны бекитүүнү пландап жатабыз», — дейт фонд башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков.
Анын айтымында, насыя алуучунун 3 жылдан кем эмес иштеген бизнеси жана кайтаруу деңгээли жогору болушу керек. Себеби, каражаттар максаттуу пайдаланылып, кайтарылып берилиши керек. Ишкердин 15% өз салымы болушу кажет. Жер тилкеси, имарат да өз салым катары эсептелинет.
«Фонд дегенде бул түздөн-түз фонд эмес, каражат менен камсыздоо болуп эсептелинет. Башкача айтканда, тез, ыкчам насыя каражаты менен камсыз кылуу, ошол эле маалда берген каражатты кайрып алуу»,- дейт Владимир Некрасов, фонд башкармалыгынын төрага орун басары.
«КР менен болгон ишмердүүлүгүбүздө анын экономикасын модернизацилоого, өнүктүрүүгө жана өлкөнү экономикалык тышкы таасирге көндүрүүгө көңүл бурабыз», — деп төрага орун басары кошумчалайт.
Фонддун каржылык ресурстары катары, уставдык капиталы 500 млн долларды түзөт.