Ооган тектүү Омар окуя болгон гей-клубга дайыма барып турчу. Күбөлөрдүн айтымында, ал клубда ичип, бир нече жолу чыр чыгарган.

Дагы бир күбө Матин бир жыл мурун ага жолугушууну сунуштаганын айткан. Бул боюнча батыш басылмаларына таянып, tengrinews.kz жазып чыкты. Буга чейин прессада Матин кумсаларды жек көргөндүгү үчүн кол салган деген версия айтылып жаткан.

АКШнын Флорида штатындагы Орландо шаарында бир жаран 12-июнда куткаруучу кызматына чалып, «Ислам мамлекети» террордук тобуна жан тарта турганын жана ага ант бергенин билдирип, кумсалардын клубуна кирип туш келди атып баштаган.

Бул терактта 50 адам курман болуп, 53 киши жаракат алган. Ал эми бул кылмышка шектүү деп Омар Матин белгилүү болду. Полицияга ИШИМдин адамы экенин чалып айткан Омар 30 кишини барымтага алган. 10 чакты полисмен менен 3 саат атышуудан кийин Омар каза тапкан.

Бөлүшүү