Каттоо кызматынын жетекчисинин пикиринде, мигранттар иш орундарын ээлеп жаткандыгы үчүн айлыгынын бир бөлүгүн алып туруу керек. Анын эсебинде, жылына бюджетке 20-40 млн доллар түшүп турат.

Мигранттар маянасы менен бөлүшүүсү үчүн биометрикалык маалыматын тапшыруусу керек болот. Тайырбек Сарпашевдин айтымында, биометрика мигранттар жасаган кылмыштардын бетин ачууга да жардам берет.

Бул үчүн Жогорку Кеңешке атайын мыйзам долбоору сунушталып, бүгүн каралууда. Аны менен мигранттар үчүн атайын карта киргизүү сунушталууда.