Эсеп палатасы жүргүзгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча 11,1 млн сомго каржы бузуулары аныкталган. Анын ичинен акча каражаттарынын кем чыгуулары — 7,5 миң сом, каражаттарды чыгымдоодогу кем чыгуулар жана бузуулар – 11,1 млн сом, негизсиз эсептен чыгаруу (кассалык операцияларды жүргүзүү боюнча бузуулар) – 10,7 млн сом. Ошондой эле, 2 млн сомду командировкалык чыгымдар, курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүн жогорулатуу 200 миң сомду түзгөн.
Көрсөтүлгөн суммалардан 0,5 млн сому калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 7,5 миң сом калыбына келтирилген.
Эсептөө палатасы аудиттин жыйынтыгы боюнча агенттиктин бул каражаттарды калыбына келтирүү, ошондой эле мыйзам ченемдерин сактоо сунушу берилген.
Мындан сырткары, аудиттин жыйынтыктары боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн кассалык операцияларды жүргүзүү боюнча ИИМге, ошондой эле анын суроо-талабы боюнча 0,8 млн сом суммасындагы аныкталган бузуулар жөнүндө айрым материалдар башкы прокуратурага жөнөтүлдү.