20 жылдык тарыхы бар Enactus Кыргызстанды өнүктүрүүдө чоң салым кошту деп ишенимдүү айтууга болот.
Студенттердин эң мыктыларын чогулткан бул уюм быйыл жыйырманчы — юбилейдик мелдешин өткөрүп алды.
Иш-чара эки күн уланып, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Enactus/sifeтын негиздөөчүлөрүнүн бири Камилла Шаршекеева сыяктуу дөө-шаалар чогулуп, катышуучуларга дем-күч берип отурушту.
Мелдеш 2 лигада болуп, чүчү кулак аркылуу тандалып алынган командалар биринен бири өтө долбоорлорун калыстардын сынына тартуулашты.
Экинчи күнү финалдык беттештер болду. Ага Ош мамлекеттик университети, Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университет, Кыргыз Улуттук Университети жана Борбор Азиядагы Америка Университети өттү.
Калыстардын айтымында, финалга өтпөй калгандардын арасында да татыктуулар көп болгон. Бирок мыктылардын мыктысы гана Enactus world cup 2016да элибиздин туусун желбиретмекчи болду.
«Өлкөнү алдыга сүрөгөн бизнес ишкерлер» демекчи, ар бир айтылган ой чынында эле мактоого татыктуу болду. Коргоого муктаж калктын катмарына арналган иш-аракеттер ийгиликтүү колдонуп, таза кирешелерди эбаак эле алып келе баштаган.
Биринчи болуп Политехникалык окуу жайдын курамасы чыкты. Өзүнө ишенимдүү болгон техниктер баарын таң калдырып, курч болгон электр энергия маселесин козгошту.
«Биз жарыксыз эле жарандарга татыктуу жашоону тартуулагыбыз келет»,- деп чыккан команданын долбоору калыстарды да, конокторду да кызыктырды.
Алар күн меши, газ баллондон жасалган аристон, тамак бышыра турган күн такталары болду.
Жайыттарда, жайлоолордо бул табылгалар азыртан эле колдонула баштаганын белгилеп кетүү керек.
Кыргыз Улуттук университетинин студенттери да беделдүү атандааштар болуп беришти. Алардын дыйканчылыкты өнүктүрүүдөгү ойлору революция кылгандай эле болду. Себеби, мекени Түштүк Африка болгон топинамбур жана киноа кыргыз жеринде да өсөөрүн изилдеп чыгышкан. Азыр дыйкандар бул өсүмдүктөрдөн мал тоют да киреше да ала баштаган.
Өлкөбүздүн түштүк борборунан келген ОшМУ буга чейин да чемпиондукту жеңип, эми болсо чыныгы коркунуч катары катышуучулар арасында өзгөчөлөнүп турду.
Ал эми Америкалык университетин студенттеринин бизнес-мектеби окуучуларды акча таап, ата-энесине жардам берүүгө көмөкчү болду.
Чыгуулар бүтүп, калыстар сын сөзүн айта баштаганда катышуучулар сүйүнүп да, кайгырып да алышты.
Кеченин кульминациясы жеңүүчүнүн аталышына саналуу ган көз ирмемдер калганда башталды. Толкунданган катышуучулар 3-орундун ээси Политехникалык команда менен бирге жарыла түштү. Кол чабуулар менен “азаматтар” деген үндөр ар тараптан угулуп атты.
Ал эми вице-чемпиондор Кыргыз Улуттук Университети аталды. Калыстар бир ооздон бул команда жеңишке бир кадам жетпей калганын айтканда, студенттер көз жашын аяшкан жок.
Ошентип, чыныгы жеңүүчүнү атоого кез да келип жетти. Көпкө созбостон Enactus’тун аймактык мүдүрү Юсуф Маджидов жеңүүчү ОшМУ командасы деп жарыялар замат дароо ышкырык-сүрөөндөр башталды.
Отургандар «татыктуусуңар» деп колдоого алып жатты.
Эң башкысы, катышкан ар бир студент тилектер орундалат экенине ишенди.
Команданын капитаны бизге ушундай соонун көз ирмемдерди тартуулаган Enactus’ка рахмат деп айтып өттү.
Enactus — бул глобалдуу уюм, ал жаш лидерлер менен алдыңкы бизнесмендерди бириктирет. Азыр бул программага 36 мамлекет, 1700 жогорку окуу жай жана 66 500 студент катышат. Долбоорлордун үстүнөн иштеп жатып, катышуучулар өлкөдөгү, аймактагы экономикалык абалды байкап, бир топ менен иштөөгө үйрөтөт. Алар ишке ашырган бизнес-ойлор калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталып, ар бир катышуучунун лидердик сапаттарын өстүрүүгө жардам берет. Кыргызстанда бул уюм 1995-жылдан тарта иштеп келүүдө.