“Республика-Ата Журт” фракциясы көтөрүп чыккан демилге Жогорку Кеңеште колдоо тапкан жок. Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, депутаттар кызматтык батирден жана башка артыкчылыктардан арылмак.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында, 52 депутат сунушту колдосо, 60 каршы болду.

Учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча, Бишкекте турак жайы жок депутатка жумушун аткарып турган убакытка кызматтык батир берилет. Эгер бош батир жок болсо, ижарага ай сайын каражат бөлүнүп турат.

Андан тышкары, учурда депутаттар каалаган коомдук транспортто акысыз жүрө алат. Ал эми өлкө ичинде иш сапары менен жүргөн убакта кызматтык унаа берилет.

Бөлүшүү