Ойлонуп көрсө, жаңы конушта жашагандар, элет элинде эң жөнөкөй ысык суу чыкпайт. Суу ысыткычтар бир топ акча турат. Бирок, студенттер каалоо болсо чечилбес маселе жок экенин көрсөтүштү.

«Биз эмне үчүн биринчи керектөөнүн негизин түзгөн ысык сууну жарандарга жеткиликтүү кыла албайбыз деп ойлонуп жүрүп, ачылыш жасадык», — деген Политехникалык университеттин студенттери кадимки эле газ баллондорду суу жылыткачтарга (аристон) айландыруунун жолун ойлоп табышкан.

 

газбаллон14

Бул колдонуудан чыккан кадимки эле газ баллону. Ал Кыргызстандын дээрлик ар бир үйүндө бар. Жаратылыш отун алууда кайрадан өткөрүп салганыбыз эле болбосо, көп учурда жөн эле жатканын байкасак болот.

газбаллон4Алгачкы даярдыктар
газбаллон8

Керексиз бөлүктөрүнөн тазаланган баллон дал ушундай көрүнүштө болот.газбаллон15

Экинчи кадам керектүү тешикчелерди даярдоогазбаллон16

Тешикчелерди даярдоодо кадимки эле базарда саткан резьба түтүктөр керектелет.газбаллон9

Товардык кейпини берүү үчүн жөн гана боёп коюу жетиштүү.газбаллон11Даяр болгон суу жылыткачтарды дүкөндөгүдөн кем калышпайт. Жаратуучулар «коопсуздукка кепилдик беребиз»,- дешет

сүрөт

Суу жылыткычтар базарда 6 миң сомдон жогору сатылат. Ал эми булар болгону 2 миң 100 сом. Бир топ эле айырма бар.

газбаллон

Азыркы учурда бул суу жылыткачтартын кирешеси чоң. Юрий Конкин 28 даананы жасап 28 миң 920 сом, ал эми Конбаев Нурбек 10ду сатып  23 миң 100 сом пайда көргөн.