Чемпионатка чыгуу бир гана оюнчулардын эмес, алардын насаатчыларынан да көз каранды. Стратегия, тактиканы түзүп, ар бир оюнга өз алдынча ыкмаларды иштеп чыккан машыктыруучулар команданын ийгилигине себепкер болот. Бул рейтингде кайсы командалар өз тренерлерине “көбүрөөк ыраазы” болгонун көрсөтөбүз.
Goal.com порталы Евро-2016да ойноп жаткан командалардын насаатчыларынын киреше тизмегин чыгарып берди.
Биринчи орунда Англиянын машыктыруучусу Рой Хожсон турат. Ал бир жылда 5 млн еврого чейин табат. Экинчи орунда Италия курамасынын башкы машыктыруучусу Антонио Конте турат, анын бир жылдык маянасы 4,6 млн еврону түзөт. Ал эми бул үчилтикти Түркиянын курама командасынын башчысы Фатих Терим жабат, анын кирешеси 3,5 млн еврону түзөт.
Евро-2016га чыккан тренерлердин маянасы:
- Рой Ходжсон (Англия) – 5 миллион евро
- Антонио Конте (Италия) – 4,6 млн евро
- Фатих Терим (Түркия) – 3,5 млн евро
- Йоахим Лев (Германия) – 3,2 млн евро
- Висенте Дель Боске (Испания) – 3 млн евро
- Дидье Дешам (Франция) – 2 млн евро
- Марсель Коллер (Австрия) – 1,5 млн евро
- Фернандо Сантуш (Португалия) – 1,2 млн евро
- Мартин О’Нилл (Ирландия) – 1 млн евро
- Бернд Шторк (Венгрия) – 1 млн евро
- Владимир Петкович (Швейцария) – 750 миң евро
- Марк Вильмотс (Бельгия) – 750 миң евро
- Ларс Лагербек (Исландия) – 430 миң евро
- Майкл О’Нил (Түндүк Ирландия) – 320 миң евро
- Джанни Де Бьязи (Албания) – 280 мин евро
- Крис Коулмэн (Уэльс) – 260 миң евро
- Анте Чачич (Хорватия) – 250 миң евро
- Павел Врба (Чехия) – 220 миң евро
- Адам Навалка (Польша) – 200 миң евро
- Эрик Хамрен (Швеция) – 200 миң евро
- Ян Козак (Словакия) – 180 мин евро
- Михаил Фоменко (Украина) – 170 миң евро
- Ангел Йордэнеску (Румыния) – 120 миң евро
- Леонид Слуцкий (Орусия) – жыйынтыкка жараша бонустар