Суунун мол болушу сугат жерлерине, көпүрөлөргө жана жолдорго да коркунуч жаратууда.

Кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн Кочкор районунун Кош-Дөбө, Көк-Жар, Ак-Кыя айыл аймактарына ӨКМ жетекчиси Кубатбек Боронов барды. Ал айылдарга кошумча күйүүчү май жана техника бөлүп берүүнү тапшырды.

Ошондой эле, министр Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 249 жана 252-чакырымында суу каптаган жерлерди тазалоо үчүн кошумча каражат тартылсын деп тапшырма берди. Учурда ал Нарын шаарында жүрөт. Мындан ары Боронов Ат-Башы районуна жөнөйт.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда кооптуу абал түзүлгөн жерге премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дагы барды.

Дарыяларда суунун көп болушу күн ысып, мөңгүлөрдүн ээришине байланыштуу экенин ӨКМ билдирет.