Кечээ  Бишкек ШИИБ жетекчисинин милдетин аткаруучусу Самат Курманкулов бир жуманын ичинде шаарды сойкулардан тазалайбыз деп журналисттерге жар салган эле.

Ал “тазалоо иши” Ибраимов-Кулатов-Фрунзе көчөлөрүнөн башталат деп билдирген. Шаардык милиция көпкө күттүрбөй, кечээ кечинде сойкуларды кармоого киришти.

Алгачкы кыздар бир нече сааттан кийин эле ЗАГСтын айланасында кармалды. Алар унаада отурушкан. Бирок сойкулук менен алектенгенин моюнуна албай, жөн гана ушул жерде эс алууга токтошконун айтышты. Бирөөсү болсо машинеден чуркап чыгып, милиция бөлүмүнө баруудан баш тартып, жолдун ортосуна отуруп алды. Жинденген кызды күчкө салып патрулдук унаага отургузушту.

 

Сүрөт: K-News

Милиция бөлүмүнө келгенден кийин кыздар отурган машиненин айдоочусу качып кетип калды. Анын унаасын айып токтотмосуна киргизип коюшту.

Сүрөт: K-News
Сүрөт: K-News

Бир аздан соң милиционерлер дагы төрт кызды жеткирип келишти. Алардын үчөөсү кош бойлуу экени аныкталды.

Сүрөт: K-News

Бирок булар дароо көчөдө иштегенин моюнуна алып, Ибраимов менен Чүй кесилишинде турганын айтып беришти.

Сүрөт: K-News

Сүрөт: K-News

Жалпысынан, рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери 20дан ашуун сойку кызды кармап келишти.