Эл ичинде социалдык теңсиздикти жоюу үчүн өкмөт чоң үйлөрдүн жана кыймылдаткычынын көлөмү чоң унаа ээлерине салыкты бир топ көбөйтүүнү туура көрүүдө.

Сунушка ылайык, үйдүн аянты 200 кв метрден чоң болгон учурда салыктын ченемин азыркы 0,35%дан 0,5%га чейин көтөрүлөт. Ал эми 300 кв метрден чоң үйлөргө салык ченеми 0,8%ды түзөт.

Ал эми унаалар боюнча, салыкты кыймылдаткычтын көлөмүнө жараша бекитүү сунушталууда.

Кыймылдаткычынын көлөмү, куб см Колдонулган мөөнөтү. Чыгарылган жылы кошулат
5 жылга чейин 5тен 10 жылга чейин 10дон 15 жылга чейин 15 жылдан жогору
Сунушталган коэффициенттер
3000ге чейин 1 1 1 1
3001ден 4500гө чейин 2,5 2,0 1,4 1
4501ден жогору 3,0 2,3 1,6 1

Өкмөт белгилегендей, жаңы өлчөмдөгү салыктар чоң үйлөрдүн жана кымбат баалуу унаа ээлерине багытталган. Мыйзам долбоору gov.kg сайтына жайгаштырылып, коомдун талкуусуна коюлду.