Өкмөтү болсо дарактардын кыйылышына алып келген продукцияларды колдонуп, сатып албай турганын билдирди.

Бул демилгени Норвегиянын тропикалык токойлорду коргоо фонду жана парламентинин комитети көтөрүп чыккан. Эми өлкөдө токойлордун ичинде кандай гана дарак болбосун, кыюуга уруксат берилбейт.

Норвегияда изилдөө жүргүзүлүп, 2000-2011-жылдары кыйылган тропикалык токойлордун 40% соя, пальма майын жана башка продукцияларды өндүрүү үчүн кеткени аныкталган. Ушул себептен өкмөт бул өнүмдөрдү сатып албай турган болду.

Норвегия бактарды кыюуга расмий түрдө тыюу салган биринчи өлкө болду.