Ал Кыргызстанга өсүү, тынчтык жана туруктуу өнүгүүнү каалады. Франциск Рим Папасы жылуу сөздөрүн Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруу кеңешинде эмгек министри Кудайберген Базарбаев менен жолугушууда айтты.
Министрлик билдиргендей, Понтифик Бириккен улуттар уюмун ачарчылыкка жана маалыматтын ашыкча көп болушуна көңүл бурууга чакырды.
“Адамдар чектен чыгып бараткан жакырчылыкка көңүл бурбай калышты, башка адамдардын трагедиясына кош көңүл болуп жатышат. Биз өкүрүктөрдү уксак дагы ыңгайсыз сезбейбиз. Адамдардын жашоосу статистикалык маалымат гана болуп калды. Биз адамдардын кыйналганын бюрократташтырып койдук”, — деди ал.