Чек ара 15-июндан 25ине чейин жабык болот. Себеби так айтылган жок.

Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Түркмөнстандан барган жарандар, транспорт жана жүктөр Өзбекстанга киргизилбейт. Бир гана Кыргызстанга караган Өзбекстандын ичиндеги Барак эксклавынын тургундары мурунку тартипте кирип, чыга алат.