Анын жыйынтыгында, 4 диний окуу жайында эреже бузууларды жоюуга эскертүү берилип, октябрда кайрадан текшерүү жүргүзүлмөй болду.
Медреселерди текшерүүнүн башкы максаты окуу жүргүзүүгө уруксат документтери бар болушун аныктоо жана жайлардын санитардык абалына көз салуу болду.
Мэрия билдиргендей, медреселерде окуп жаткан балдардын санына, мугалимдердин курамына, ата-энелер уруксат бергенине өзгөчө көңүл бурулду.
Текшерүүчү комиссиянын курамына Свердлов райондук администрация, РИИБ, дин иштери боюнча мамкомиссия жана башка мекемелердин өкүлдөрү кирди.