Жол кыймылындагы автоунаалардан балдарын көтөрүп, кайыр сураган жагдай бизнеске айланып баратат.

Мындай маалыматты ЖКнын жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова билдирди.

Эл өкүлү кайырчылар жол кырсыктарына себепкерлердин бирине айланып бараткандыгын айтып, коомчулукка собол салып, эгер ал ата-энелер балдарын бага албаса балдар үйүнө өткөрүп берели деген сунушу менен чыкты.

Анын маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө кайырчыларга расмий тыюу салынган. Буга тиешелүү мамлекеттик мекеме тартипке салышы керектигин кошумчалады.

Жол кыймылындагы кайырчылардын көйгөйүн улаган депутат Дастан Бекешев тиешелүү органдар аларга иликтөө жүргүзүүсү керектигин кошумчалады.