Ошондой эле, Каныбек Иманалиев (“Ата Мекен”) динге негизделген саясий партияларды түзүүгө тыюу киргизилишин сунуштады.

Эл өкүлү динди жайылтууну жөнгө салуу үчүн учурда иштеп жаткан дин уюмдары боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү иштеп чыкты.

Депутат коомдук жана окуу жайларда, мамлекеттик органдарда даабат жүргүзүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Ал эми оорукана, түрмө, интернат жана социалдык коргоо органдарында бул мекемелердин уруксаты менен гана жүргүзүүгө болот.

Ошондой эле, динди жайылтуу үчүн үйлөрдү кыдырууга да тыюу салынмакчы.

Элди динге үгүттөө бир гана диний уюмдардын имараттарында жана башка уруксат берилген жайларда гана уруксат болот. Мыйзамды бузгандар жоопко тартылат.

Депутат сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү