Каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарына өлкөнүн карыздары боюнча маалымат берди.
Баарынан да Кыргызстандын кытайлык Эксимбанк алдындагы карызы көп – 1,3 млрд доллар. Калган карыздарды тизме түрүндө беребиз:
- Кытайдын экспорттук-импорттук банкы – $1,3 млрд
- Натиксис банк (Франция) — $5 млн
- JICA (Жапония) — $246 млн
- Германия — $83 млн
- Корея — $15 млн
- Кувейт фонду — $8 млн
- Орусия — $270 млн
- Сауд фонду — $8 млн
- Түркия — $97 млн
- Абу-Даби (Бирикке Араб Эмираттары) — $56,8 млн
- Эл аралык валюта фонду — $189 млн
- Азия өнүктүрүү банкы — $593 млн
- Евразиялык өнүктүрүү банкы — $650 млн
- Ислам өнүктүрүү фонду — $62 млн
- Айыл чарбасын өнүктүрүү фонду — $10 млн
- Түндүк өнүктүрүү фонду — $4,7 млн
Каржы министрлигинин маалыматында, 2015-жылдын аягына карата Кыргызстандын тышкы карызы 3 млрд 601 млн 100 миң долларды түздү.