Нарын районунда жааган жаандын кесепетинен Нарын дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, суунун чыгымы секундасына 700 м3 жетүүдө.

ӨКМ маалыматы боюнча, Нарын дарыясынын деңгээлинин көтөрүлүүсү жана суунун чыгымынын критикалык чекити секундасына 858 м3 түзөт. Кырдаалды жеринен баалоо жана алдын алуу жумуштарын уюштуруу максатында ӨКМдин 6 кызматкери жана 1 погрузчик тартылып, суунун нугун тазалоо жана кеңейтүү жумуштары аткарылып, азыркы учурда аймак көзөмөлдөнүүдө.

Ошондой эле, министр Кубатбек Боронов өзү жеренин жетекчилик кылып жүрөт.

Видео: өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бөлүшүү