Түштүк Кореянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Чан Бён Ху эки тараптуу кызматташуунун жакшы деңгээлде өнүгүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, быйылкы жылы алардан келген туристтердин жана инвестор-бизнесмендердин саны көбөйүп жатат.
“Андыктан, келерки жылы эки тараптын түз каттамы ачылыш мүмкүн” – деди ал.
Андан сырткары, ал президенттик шайлоого кыргыз жарандары жаңы үлгүдөгү паспорт менен катышышы ыктымал экенин айтты. Ошондой эле элчи кыргыз тарап Түштүк Корея колдонууга өткөн электрондук паспортко кызыкканын билдирди. Электрондук паспортто биометрикалык маалыматтар кошо камтыла турганын кошумчалады.
Бүгүн алардын демилгеси менен кыргыз фермелерине кийим-кечелей жардам көрсөтүлдү. Буюмдарды тапшыруу аземине эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү катышты.