Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев коргоо кеңештин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.
Жолугушууда президент коргонуу саясатынын биринчи кезекте өлкөнүн куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүгө жана чыңдоого тийешеси бар негизги милдеттерин турмушка ашыруу боюнча коргоо кеңеши аткарып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.
Темир Жумакадыров ошондой эле өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга жана антитеррористтик чараларды күчөтүүгө багытталган иштер тууралуу да баяндама жасады.
Андан тышкары, Атамбаев менен Жумакадыров коррупцияга каршы күрөшүүгө жана өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоого байланыштуу маселелерди да талкуулашты.