Айрым депутаттар Кыргызстанда аңчылыкка тыюу салууну сунушташууда.

Тамактануу жайларында аркар, улар, кекилик жана башка жапайы жаныбарлардын эти сунушталганын депутат Руслан Казакпаев (“Республика-Ата Журт”) айтып чыкты. Анын пикиринде, ресторан ээлерин жоопко тартуу керек.

Ошондой эле, ал мыйзамсыз аңчылык жүргүзгөндөргө жазаны күчөтүү зарыл экенин белгиледи.