Бүгүн Өзгөн районунда экс-баш прокурору, Апрель окуясы боюнча соттолгон Элмурза Сатыбалдиевдин 200дөй туугандары, жакындары митингге чыкты.

Облусттун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов Saat.kgге билдиргендей, алар Сатыбалиевдин абактан бошотулушун талап кылышууда.

Митингге чыккандар бул талабын аткарылышы боюнча бийликтегилерге 22-июнга чейин убакыт беришти.

Учурда алар таркап кетишти.

Аскер соту Элмурза Сатыбалдиевге тергөө абагында 2010-жылдан бери өтөгөн жаза мөөнөтүн эске алып, мунапыс колдонгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү