Сел жаандын нөшөрлөп жаашынан пайда болду. Суу агымы Таш-Көмүр шаарында жолду каптап калып, бир нече чакырымга созулган жол тыгынын жаратты.

Окурман Кудайберген Нурбаевдин айтымында, айдоочуларга машинелердин ичинде түнөгөнгө туура келди.

“Жол саат 21:20да жабылган экен. Биз түнкү 12лерде келдик. Эртең мененки саат 6да гана жолдун бир тарабы ачылып, акырындан өтө баштадык. Жалпы эсеп менен жолдо 16 саат болуп, Ошко 9да жеттик”, — деп айтып берди ал.

ӨКМ билдиргендей, селден жабыркагандар болгон жок.