КСДП аны БШКга мүчөлүккө талапкер катары чыгарган. Бирок бүгүн фракция чечимин өзгөртүп, КСДПдан кетип жаткан Галина Скрипкинанын ордуна парламентке алып келүүнү туура көрдү.

Депутат Иса Өмүркулов белгилегендей, жакында эле Ашэра Халикова депутаттык мандатын тапшырды. Эми Евразиялык экономикалык биримдигинин сотуна судья болуп шайланган Галина Скрипкина кетет.

“Фракцияда аялдар азыраак болуп калат. Эгер Ирина Карамушкина БШКга бара турган болсо, ал депутат боло албай калат. Ошондуктан, Боршайкомго Адилет Сатыгуловду чыгарууну сунуштайм”, — деди фракция лидери.

Калган социал-демократтар анын сөзүнө кошулуп, макул болушту.

Ирина Карамушкина V чакырылыштагы депутат болгон. Ал тизмеде Албек Ибраимов менен Максатбек Эгембердиевден кийин 44-орунда турган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү