Эки өлкөнүн БУУдагы өкүлдөрү достукту жана кызматташтыкты бекемдөө үчүн документке кол коюшту.
Дипломатиялык мамиле тараптар тынчтыкта жашап, бири-биринин аймактык эгемендүүлүгүн сыйлап, ички иштерине кийлигишпейт деген милдеттенмелерди жүктөйт.
Мындан тышкары, дипмамиленин түзүлүшү кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жалпы дүйнөдөгү тынчтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деп Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги билдирди.