Милиция аныктагандай, 1977-жылы туулган У.Ш. атасы менен урушуп кетип, ичине бир нече жолу бычак сайып салган. Анын 1939-жылкы уулгайган атасы ошол жерден каза тапты.

Кылмыш кечээ, түштөн кийин болду. Милицияга жашы улуу адамдын сөөгү табылганын кабарлашкан. Текшере келгенде аны курч буюм менен өлтүрүшкөнү аныкталган.

Оштун ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, издөө иштерин жүргүзөт. Ошол эле күнү кылмышка шектүү деп анын эч жерде иштебеген баласы кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.