КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев ЖМК тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү гезит, радиого, анын ичинен “Азаттыкка” тиешеси жок экенин айтты.

Депутаттын айтымында, ал телеканалдар тууралуу гана айткан.

“Телеканалдардын ээси Кыргызстандын жараны болуш керек. Бардык өлкөлөр медиа тармагын коргоп жатышса, Кыргызстан маалыматтык технологияда террордук акциялардын аянты болбош керек. АКШда дагы телеканалдарга каржылоонун үлүшү 25%дан ашпашы керек. Францияда — 20%. Бул демилгени сунуштаганыбыз көпчүлүккө таң калычтуу болду. Алгач “Азаттык” радиосуна каршы чыгуу багытында бааланды. Мындан тышкары, биздин кесиптешибиз Жанар Акаев ал жерде иштеген”, — дейт депутат.

Депутат социалдык сурамжылоонун жыйынтыгында азыркы күндө да телеберүүнүн таасири жогору экенин айтты.

“Биздин мыйзам долбоор  улуттук кызыкчылыкты коргойт”, — дейт эл өкүлү.

Ошондой эле ал депутаттар өздөрү “Азаттыктын” жабылышын каалабай турганын билдирди.

“Ошондуктан биз кечээ бул мыйзам долбоорду карап чыгууну суранганбыз”, — дейт Рыспаев.

Кечээ мыйзам долбоору чала болуп жатканын айтып, парламенттин күн тартибинен алынган. Мыйзам долбоорунда ЖМК деп жалпы жазылган болчу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү