Сарыгуловдун жактоочусу Акын Авазбеков билдирүү жасап, коопсуздук комитетинин кош көңүл мамилеси анын өмүрүнө коркунуч жаратканын айтууда.

Авазбеков белгилегендей, дарыгерлердин консилиуму Сарыгуловдун оорулары күчөп, аны шашылыш түрдө дарылоо мекемесине жеткирүү керек. Бирок УКМК анын абалына кайдыгер кароодо.

“Мындан улам, мен Дастан Сарыгуловдун жактоочусу катары анын ден соолугу жана өмүрү үчүн УКМКнын жетекчилиги жоопкер болот деп расмий билдирем”, — деп анын кайрылуусунда айтылат.

Дастан Сарыгулов “Кыргызалтын” ААКты жетектеп турганда 1992-1999-жылдары “Кумтөрдүн” иштешине байланыштуу коррупциялык фактыларга тиешеси бар деп 13-июнда камакка алынган.

Бөлүшүү