Окуя 17-июнда саат 20:30дар чамасында Киев көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде болду. Opel Zafira унаасы №260 маршруттук таксини сүзүп, ал каршы багытта келе жаткан Honda Odyssey’ди сүздү.

Патрулдук милиция билдиргендей, кырсыкка себепкер болгон айдоочу токтобостон, качып кеткен. Микроавтобуста бараткан жети жүргүнчү жабыркап, ар кандай жаракаттар менен ооруканаларга жеткирилди. Учурда патруль Opel Zafira’нын айдоочусун издөөдө.

Бул жол кырсыгына күбө болгон жарандар патрулдук милицияга кайрылса болот. Телефон номурлары: 0312 53-01-81 же 53-22-33 (күнү-түнү).