Евро башталгандан бери биринчи жолу дубль дагы болду. Европанын учурдагы чемпиону Испания Түркия менен беттешип, үч кайтарымсыз топ киргизди — 3:0. Анын экөөсүн Альваро Мората өз эсебине жаздырды.
Бүгүн Францияда Европа чемпионаты башталганына бир жума болду. Азырынча плей-оффко чыккан алгачкы команда жана чыкпай турган бир команда аныкталды. Демек, тайпалык этаптын кызыктуу оюндары али алдыда.
Кечээ Италия менен Швеция жолугушту. Оюн аягына чейин тең болгону менен скандинавдар италиялыктардын тынымсыз чабуулдарына туруштук бере албай койду. 88-мүнөттө Эдер коргоочуларды алдап кирип, бир гол киргизди. Эсеп – 1:0.
17-июндун эсебинен эң кызыктуу матч Чехия менен Хорватиянын ортосунда болду окшойт. Экинчи таймдын ортосуна чейин хорваттар эки гол киргизип, талаага ээлик кылып жатышкан. Бирок чехтер кыялын көрсөтүп, 76-мүнөттө эсептеги айырманы бир топко азайтып, ал эми кошулган убакыттын 4-мүнөтүндө пенальтиден оюн эсебин биротоло теңеп коё алышты. Жалпы эсеп – 2:2.
Бүгүнкүгө чейин өткөн матчтардын жыйынтыктары жана алдыдагы оюндар:
Командалар: | Жыйынтыгы: | |
10-июнь | ||
Франция-Румыния | 2:1 | |
11-июнь | ||
Англия-Орусия | 1:1 | |
Уэльс-Словакия | 2:1 | |
11-июнь | ||
Албания-Швейцария | 0:1 | |
12-июнь | ||
Түркия-Хорватия | 0:1 | |
12-июнь | ||
Германия-Украина | 2:0 | |
Польша-Түндүк Ирландия | 1:0 | |
13-июнь | ||
Бельгия-Италия | 0:2 | |
Ирландия-Швеция | 1:1 | |
13-июнь | ||
Испания-Чехия | 1:0 | |
Австрия-Венгрия | 0:2 | |
14-июнь | ||
Австрия-Венгрия | 0:2 | |
Португалия-Исландия | 1:1 | |
15-июнь | ||
Россия-Словакия | 1:2 | |
Румыния-Швейцария | 1:1 | |
Франция-Албания | 2:0 | |
16-июнь | ||
Англия-Уэльс | 2:1 | |
Украина-Түндүк Ирландия | 0:2 | |
Германия-Польша | 0:0 | |
17-июнь | ||
Италия-Швеция | 1:0 | |
Чехия-Хорватия | 2:2 | |
Испания-Түркия | 3:0 | |
ЖАКЫНКЫ ОЮНДАР: | ||
18-июнь | ||
Бельгия-Ирландия | 19:00 | |
Исландия-Венгрия | 22:00 | |
Португалия-Австрия | 01:00 | |
19-июнь | ||
Румыния-Албания | 01:00 | |
Швейцария-Франция | 01:00 | |
20-июнь | ||
Орусия-Уэльс | 01:00 | |
Словакия-Англия | 01:00 | |
21-июнь | ||
Украина-Польша | 22:00 | |
Түндүк Ирландия-Германия | 22:00 | |
Чехия-Түркия | 01:00 | |
Хорватия-Испания | 01:00 | |
22-июнь | ||
Исландия-Австрия | 22:00 | |
Венгрия-Португалия | 22:00 | |
Италия-Ирландия | 01:00 | |
Швеция-Бельгия | 01:00 | |
25-июндан тарта 1/8 финалдык беттештер башталат | ||
Командалардын тайпалары:
А тайпасы |
Франция |
Швейцария |
Румыния |
Албания |
B тайпасы |
Уэльс |
Англия |
Орусия |
Словакия |
C тайпасы |
Германия |
Польша |
Түндүк Ирландия |
Украина |
D тайпасы |
Испания |
Хорватия |
Чехия |
Түркия |
E тайпасы |
Италия |
Ирландия |
Швеция |
Бельгия |
F тайпасы |
Португалия |
Ислания |
Австрия |
Венгрия |