Салык метталлургия, химия жана мунай химиясы, машина куруу, курулуш материалдары, азык-түлүк өндүрүү тармактарында иштеген инвесторлорго салынбайт. Мындан тышкары, объект курулуп, ишке киргенден кийин жалпы чыгымдардын 30%ына чейинкиси кайтарылып берилет.

Инвесторлор үчүн Казакстанда кандай шарттар түзүлүп жаткандыгы боюнча өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев Орусиянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушууда айтып берди. Анын айтымында, аталган тармактарга салым кыла турган инвесторлор корпортативдик киреше салыгынан жана жер салыгынан 10 жылга бошотулат, ал эми мүлккө болгон салыктан – 8 жылга.

Назарбаев инвесторлор чет өлкөлөрдөн эч кандай уруксатсыз жана квотасыз каалаганча жумушчу күчтөрдү тарта алаарын белгиледи.

“Мындан тышкары, 2015-жылы 35 өлкө үчүн виза алып салынды, 2017-жылдан тарта бул тизме 54 мамлекетке жетет. Учурда Казакстанда 10 атайын экономикалык аймак иштеп жатат. Аларда жер салыгы, мүлк салыгы, ошол аймактарда колдонулган товарлар үчүн кошумча нарк салыгы салынбайт. Жер аянтчасын 10 жылга чейин акысыз иштетүүгө болот”, — деди Нурсултан Назарбаев.

Булак: ic24.kz