Ага Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө болгон өлкөлөрдөн тышкары Кытай, Индия, Пакистан, Иран жана башка мамлекеттер кошулат. Орус президентинин айтымында, ЕАЭБге кирген өлкөлөр бул ойду колдойт.

Жаңы биримдиктин түзүлүшү боюнча расмий сүйлөшүүлөр июнь ичи башталышы керек. Бул тууралуу Владимир Путин кечээ эл аралык экономикалык форумда сүйлөп жатып айтты.

“Биз өнөктөштөрүбүз менен бирге ЕАЭБ мындан дагы чоңураак интеграциялык контурдун түптөлүшү үчүн борбор болуп калышы керек деген ойдобуз,” – деди ал.

Орусия башчысынын айтымында, бул маселе майдын аягында Астанада (Казакстан) ЕАЭБ жетекчилеринин жолугушуусунда талкууланган. “Чоң евразиялык биримдикти” түзүү боюнча эми сентябрда Владивостокто (Орусия) өтө турган Чыгыш экономикалык форумда сүйлөшүшөт.

Путиндин пикиринде, чоң евразиялык мейкиндикти түзүүдөгү эң алгачкы кадам Кытай менен сүйлөшүүдөн башталат. Президент белгилегендей, долбоор Европа үчүн дагы ачык болот.