Адамдардын тапкычтыгына чек жок. Орозо айында үйлөрдү же кафелерди кыдырып, жарамазан айтып жүргөн балдарга көнүп калганбыз. Бирок адыр тоолордон айгыр минип келгенин эч ким телефонуңузга айтып келе элек болушу керек.

Эми болсо WhatsApp колдонуучуларынын арасында жарамазан айтылып, адамдар бири-бирине жөнөтүп жаткан чагы. Үйгө келген балдарга момпосуй карматып же акча берсек, аудио жарамазанчылар пайда көрүүнүн башка ыкмасын таап алышыптыр. Бирок бул жарамазанды тамаша катары кабыл алууга болот.