Мекеме кызматкерлеринин эмгек акыларын 25%га көтөрүп, кварталдык премияларын төлөп берүү үчүн кошумча каражат керектелет. Бул боюнча парламентте башкы прокуратуранын иш башкармасы Таалайбек Маматов билдирди.
“Биз Тыныстанов көчөсүндөгү имаратыбызды өзгөртүү боюнча иштерди бүтөйүн деп калдык. Бизге дагы 8 млн сом керек. Соцтөлөмдөргө 603 миң сом, айлыктарды көбөйтүүгө 1 млн 15 миң сом керектелет”, — деди Маматов.
Каржы министри Адылбек Касымалиев министрликтер жана башка мекемелер сураган сумма 21 млрд сомго жеткенин айтты.
“Эмгек акы сыяктуу корголгон беренелерге сөзсүз көңүл бурулат. Бирок биз бардык талаптарды аткара албайбыз”, — деп жооп берди министр.