Фонддун аткаруу комитети Кыргызстандын экономикасында 2021-жылга чейин кандай өзгөрүүлөр болоорун изилдеп, божомолун жарыялады.
Валюта фондунун эсебинде кийинки жылдары ички дүң өнүм (ИДӨ) көбүрөөк өсө баштайт. Быйыл өкмөт өсүш 5,2%ды түзөт деп божомолдогон. Ал эми фонд 3%га барабар болот деп эсептеп чыкты. ИДӨ 2017-жылы дагы 3%га өсүп, 2018-жылы 5,2% болот.
Эл аралык валюта фондунун божомолунда, быйыл Кыргызстандын экспорту 4,1%га төмөндөп кетет. Ошол эле кезде, импорт 1,7%га өсөт.
Ал эми тышкы карыз ИДӨгө карата 2015-жылы 64,6%ды түзсө, быйыл 71,8%га чейин жетет. Ал эми 2017-жылы 72,3%ды түзүп калат. Эске сала кетсек, учурда иштеп жаткан мыйзамдар боюнча, тышкы карыз 60%дан ашуусуна жол берилбейт.