Быйыл орусиялыктар көнүп калган Синайга же Түркияга бара алышпайт. Бирок дүйнөдө деңизи, пляжы жана экскурсиялары бар жерлер көп. Forbes орус туристтери жайында бара турчу 10 өлкөнү тандап, окурмандарына сунуштады.
Бул тизмеге журнал Ысык-Көлдөгү Бостери айылын 2-орунга койду. Басылма белгилегендей, Ысык-Көл – ден соолуктун булагы. Себеби, ал минералдык сууларга жана дарылоочу ылайга бай. Бирок эриктирген санаторийлерден айырмаланып, Бостериде түрдүү эс алуучу шарттар бар. Маселен, тоого чыгып келсе болот же трекинг, альпинизм менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле, бул жерде дарыядан түшүп же көлдү кеме менен айланып келсе болот.
Журналдын эсебинде июлдун орто ченинде эки киши жети күн эс алып кетсе, Маскөөдөн келип кетишин кошкондо 68 700 рубль сарптайт.