Алгач милицияга бир жаран кайрылып, Нурлан аттуу киши жер тилкесин алып берем деп 400 доллар алган бойдон убадасын аткарбай жатат деп айтып берген. Андан кийин ушундай эле арызы менен 16 киши кайрылган. Текшере келгенде Нурлан Усенов 800дөй адамды алдап жүргөнү аныкталды.

Сүрөт: Бишкек ШИИБ
Сүрөт: Бишкек ШИИБ

Октябрь РИИБине биринчи кайрылган М.Р. аттуу жаран Нурлан 2015-жылдын 17-мартында акча алып, Новопокровка айылынан жер бөлдүрүп берем деп ишеничине киргенин айтат. Жер тилкеси үчүн ал 400 доллар акча алган.

Милиция кылмыш ишин козгоп, 1978-жылы туулган Нурлан Усеновду кармайт. Соттун чечими менен 2 айга тергөө абагына камалат. Тергөө жүрүп жатканда ушундай эле арызы 16 жаран кайрылган. Жалпысынан, ал 800дөй кишиден акча алып, убадалаган жер тилкесин бербей жатканы ачыкка чыкты.

Учурда милиция Нурлан Усеновдон жабыр тарткан башка жарандарды издөөдө.

Бөлүшүү