Быйылкы жылдын эсебинен Кыргызстандын экономикасындагы эң ири жаңылыктардын бири Кытай ашыкча өндүрүшүн өлкөбүзгө которо турганы болду. Экс-премьер Темир Сариев 2015-жылдын декабрында Пекинде жолугушууларды өткөрүп, бул багытта макулдашуу түзүүгө жетишкен.

Кытай тарап Кыргызстандын сунушун колдой турганын тышкы иштер министри Ван И билдирген эле. Көп өтпөй, КР экономика министрлиги Кытайга инвестиция сала турган 42 ишканадан турган тизмени сунуштады. Бирок, экономикалык пайда болоору анык болуп турса дагы, Кытайдын бул кадамы Кыргызстандын экологиясына чоң залакасын тийгизет деген каршы пикирлер айтылууда.

Кыргызстанга чоң инвестициялардын келишине каршы чыккандардын сарсанаа болгону жүйөөсүз деп айтууга болбой турат. Кытай заводдорунун бир бөлүгүн Орусияга дагы которууну көздөп келет. Экологиясынын кескин бузулушу Кытайды өндүрүшүн башка өлкөлөргө көчүрүүгө мажбур кылууда.

Кытай өндүрүшү

“Өз убагында Батыш экологиялык көйгөйлөрүн чечүү үчүн ишканаларын Кытайга көчүрүп баштаган. Азыр болсо Кытай өзү өнүгүп, экологиялык зыян алып келген өндүрүшүн сыртка чыгарган убакытка жетти. Ал үчүн ал кедей өлкөлөрдө металлургия заводдорун жана башка ишканаларды курууда”, — деп Gavekal Dragonomics изилдөө компаниясынын эксперти Том Миллер Bloomberg’ге айтып берген.

Анын сөзүнө Маскөөдөгү (Орусия) Карнеги борборунун “Орусия Азия-Тынч Океан регионунда” программасынын  жетекчиси Александр Габуев дагы кошулат.

“Кытайдын бул аракети арзаныраак эмгек күчтөрүн издөө эмес, бул – экологиялык маселе. Жапония жана башка өлкөлөр дагы 70-80-жылдары абаны булгай турган өндүрүшүн сыртка чыгарып турган”, — дейт ал.

Кыргызстан Кытайга сунуштаган ишканалар оор өнөр жайга кирип, экологияга коркунуч алып келе турган өндүрүш экенин байкоого болот.

  1. «КРИСТАЛЛ» ААК;
  2. «ОРЭМИ» ААК;
  3. «Ак-Суу Вита» ААК;
  4. «Майлуу-Суу электр лампа заводу» ААК;
  5. «Электр техника заводу» ААК;
  6. «Кыргызско-Кытай кагаз фабрикасы» ААК;
  7. «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы;
  8. «Кайыңды эт комбинаты» акционердик коому;
  9. «Каракол» спирт заводу мамлекеттик ишканасы;
  10. Булгаары заводу, Ивановка айылы;
  11. «Агропласт»;
  12. Тамеки-ферментациялык заводу;
  13. «Келечек» ААК;
  14. «Тоштук-Каракол» ЖЧК эт комбинаты;
  15. Пахта-кагаз өндүрүү заводун кеңейтүү;
  16. Пахтаны кайра иштетүү жана өсүмдүк майы менен аралашкан жем өндүрүү;
  17. «КСМ Токмок заводу» ААК;
  18. «Елимай» ЖЧК;
  19. «Кыргыз камволдук-нооту комбинаты» ААК;
  20. «Илбирс» ААК;
  21. «Береке» ААК;
  22. «Касиет» ААК;
  23. «МАТА» ААК;
  24. “ОККО” АК;
  25. «Алтын-Ажыдар» ЖЧК;
  26. «Картон» ЖАК;
  27. «Кадамжай сурьма комбинаты» ААК;
  28. «Кызыл-Кыя машина куруу заводу» ААК;
  29. «Кайыңды кабелдик заводу» ААК;
  30. «Ысык-Көл курулуш материалдары» ААК;
  31. Эт комбинаты, Нарын шаары;
  32. «Шалбар» тигүү фабрикасы;
  33. Ош кебез-казаг комбинаты;
  34. ИвановкаКСМ;
  35. «Кыргыз Килем» ААК;
  36. «Быстровка линолеуму» ААК;
  37. Токмок ЖБИ;
  38. Каракол спирт заводу;
  39. Ивановка ПМК;
  40. Талас ЖБИ;
  41. Токмок консерва заводу;
  42. Балыкчы эт комбинаты.
Бөлүшүү