Буга чейин Эл аралык олимпиада комитети орусиялык жеңил атлетчилерге катышууга тыюу салып койгон. Бирок жалпы орус спортчуларын катыштырбоо маселесин кароонун алдында комитеттин президенти Владимир Путин менен сүйлөшөөрү айтылууда.
Эл аралык олимпиада комитети Орусияга карата көрүлө турган чаралар боюнча 21-июнда атайын жыйын өткөрөт. Анда орус спортчуларын биротоло Олимпиадага катыштырбоо маселеси каралат. Германиянын Spiegel басылмасы жазгандай, комитеттин президенти Томас Бах алгач Владимир Путин менен сүйлөшүүсү мүмкүн.
Орус спортчуларынын айланасындагы чуу жеңил атлетчилер допинг колдонгону аныкталгандан кийин пайда болду.
Булак: tengrinews.kz