Сүрөт: ktrk.kg

Дайыр Кенекеев Таластын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Өкмөттүн аппаратынын басма сөз борборунун жетекчиси Чынгыз Эсенкулов Saat.kgге билдиргендей Таластын мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Байышбек Жуманазаров өз каалоосу менен арыз жазып кызматтан кеткен.

Дайыр Кенекеев «Газпромнефть АЭРО Кыргызстан» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген. Андан кийин облусттун өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү