VI чакырылыштын депутаттарынын ишке киришине жарым жыл болбой туруп, бүгүнкүгө чейин 8 депутат мандатын тапшырды. Анын ичинде айрымдары өз каалоосу менен, кээ бири башкалардын каалоосу менен мандатынан ажыратылган.

Чолпон Эсенаманова, Элмира Жумалиева, Урмат Ишенбеков

“Кыргызстан” фракциясы. Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев жөнөткөн документтердин негизинде фракция мүчөлөрүн мандаттан ажыраткан. Бирок үч депутат мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазбаганын жана укуктары бузулганын билдирген.

Бакыт Есенбаева

“Бир бол” фракциясы. Өз каалоосу, себебин ачыкка чыгарган эмес.

Жоомарт Сапарбаев

“Ата Мекен” фракциясы. Өз каалоосуу менен бизнес менен алектенүү үчүн тапшырган.

Лунара Мамытова

“Бир бол” фракциясы. Өз каалоосу менен “башкы максатым адам бойдон калуу” деп мандатын тапшырган.

Ашэра Халикова

КСДП фракциясы. Өз каалоосу менен, себеби ачыкка чыккан эмес.

Галина Скрипкина

Бүгүн болсо Евразиялык экономикалык биримдигинин сотуна судья болуп шайланган КСДП фракциясынын депутаты дагы мандатынан ажыратылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү