“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесине которулган акчаларды өз кызыкчылыгына пайдаланган Мискенбаев мандатын тапшырып, акчаны кайтарсын”, — дейт бирикменин өкүлү Марипа Алыйкулова.

Маалымат жыйынга келген Мискебаевдин тарапташтары бирикменин мүчөлөрү Алыйкулова бирикмеден четтетилгенин жана ал учурда кылмыш иши козголуп жаткан Канат Аширбаевдин жактоочусу экенин айткан.

Бирок бул сөздөрдү Алыйкулова төгүндөдү. Ал акчаны кайтарып берүүсүн гана талап кыла турганын билдирди.

“Мен силердин “караларыңардан” коркпойм. Мени коркутам деп ойлобогула. Бул иштин аягына чыгам”, — деп кайрылып жатты.

Бөлүшүү