Депутаттын пикиринде, чыгымдарды Жогорку Кеңеш гана кыскартпашы керек эле.

Конституциялык мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин отурумунда өкмөттүн жаңы түзүмү каралууда. Анда Исхак Масалиев (“Өнүгүү-Прогресс”) депутаттар кызматтык унааларынан жана жардамчыларынан баш тартканын эске салды.

“Силер болсо жаңы эки өкмөт мүчөсүн киргизип жатасыңар. Силер сунуштап жаткан комитеттердин башчылары өкмөт мүчөлөрү болот да, туурабы? Жаныңызда 3 вице-премьер-министр отурат, алар эмне иш кылат? Олег Панкратов болсо комитеттин каттарына дагы жооп бербейт, анын ордуна экономика министринин орун басары жооп берип турат. Депутаттык корпуска болгон мамилеси ушундай. Кадимки сый деген болушу керек, депутаттын статусун сакташ керек. Силерди урушуп эле туруш керек. Унчукпай колдой берсек, моюнубузга чыгып алат экенсиңер”, — деди депутат.

Масалиев белгилегендей, Жогорку Кеңеш “лох” болуп, чыгымдарын кыскарткан жалгыз мекеме болбошу үчүн өкмөт дагы чыгымдарын кыскартыш керек.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү