I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында(ДКО) Казакстан көк бөрү курамасынын келбей калышы көпчүлүктү ойго салган. Кыргызстандын башкы атаандашы катары бул команданын жок болгонуна байланыштуу ар кандай версиялар айтылып жүрдү.

Эмнеге келишкен жок?

Казакстан даярданып жаткандыгын айтып, ДКОго катышууга макулдугун билдирген. Бирок оюнга келген эмес.

2013-жылы болгон Азия чемпионатында казактар бизди кысымга алган, коркуп келишкен жок деген кептер ошол учурда көп айтылып жүрдү.

 көк-бөрү Казакстан командасы

Көк бөрү боюнча Казакстан командасы

Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Нурстан Толтоев бул ойлорду четке какты.

«Жок, Азия чемпионатында эч кандай кысымдар, коркутуп-үркүтүүлөр болгон эмес.  Туура эмес калыстык кылуу болгон. Биз баары бир утат элек. Менин оюм боюнча, боордоштор жеңилүүдөн коркуп келген жок”, — деген оюн айтты.

Кыргызстан курамасынын оюнчулары бир ооздон эгер калыстын туура эмес чечим чыгаруусу болбосо, анда жеңиш биз тарапта болмок деп кошумчалашты.

2013-жылы болгон мелдеште калыс команданын жүзү болгон Рустам Тыналиевди оюн талаасынан эреже боюнча 1 мүнөткө эмес, толук 5 мүнөткө четтетип салган.

Рустам Тыналиев комбат аты менен
Рустам Тыналиев Комбат аты менен

Андан сырткары, көрүүчүлөрдүн айтымында, калыстын казак тарапка тартуусу ачык эле байкалган.

Казакстандагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча академияда бул суроого так жоопту бере алышкан жок.

Ал эми оюнчулардын бири Нурдөөлөт Момунов «даярдыктарды көрүп жатканбыз, эмнеге тыюу салып коюшканын өзүбүз деле билбейбиз», — деп жооп берди.

Казакстан командасы расмий түрдө жолго чыкканын айтып, бирок белгисиз себептерден улам келбей калган. Негизги атаандашы жок калып, кыргыз улакчылары күтүлгөндөй эле биринчи жана экинчи орунду ээлеген. Мелдештин уюштуруучулары катары бизден эки команда чыккан: «Кыргызстан-1» жана «Кыргызстан-2».

II Көчмөндөр оюндарына келишеби?

«Келе жаткан II көчмөндөр оюндарына азыр деле Казакстан так жооп бере элек»,- дейт Нурпери  Садырбекова, спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын басма сөз катчысы.

Кыргыз оюнчулары бул жолу казак туугандарыбызды чыдамсыздык менен күтүүдө.

Ал эми боордош элдин оюнчулары “машыгуу болуп жатат. Келебиз деген ойдобуз. Бирок так айтпай туралы»,- деп кошумчалашты

көк-бөрү кыргыз оюнчусу Жакшылык Эмил уулу
Көк бөрү кыргыз оюнчусу Жакшылык Эмил уулу

Расмий түрдө так жоопту 23-июнь күнү Чолпон-Атада өтчү ДКОго арналган жыйында уга алабыз. Жыйынга Казакстандагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча академиянын вице-президенти Оспанов Ерлен катышат.