Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 

21-июндан 24үнө чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: 21-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын кээ бир райондордо жаайт. 22-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. 21-22-июнда абанын температурасы көпчүлүк аймактарда төмөндөп, жайыттарда түнкүсүн 2° сууктан 3° жылуулукка, күндүз 7…12° жылуу болушу күтүлөт.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталат, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Бөлүшүү