Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети экс-министрди Алматыдагы (Казакстан) башкы консул кызматына дайындоону колдоду. Анын талапкерлигин тышкы иштер министрлиги көрсөткөн.
Журналисттерге депутат Анвар Артыков (КСДП) айтып бергендей, Алымкуловду генконсулдукка дайындоо сунушун комитет мүчөлөрү бир добуштан колдоп берди.
Алиясбек Алымкулов – КСДП партиясынын мүчөсү.