Бүгүн конституциялык мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин отуруму өтөт. Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн түзүмүндө бир нече өзгөртүү киргизүү сунуштарын айтып берет.
Өкмөттүн пресс-кызматы билдиргендей, премьер-министр төмөнкү сунуштарды киргизүүдө:
- Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиктин базасында өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамкомитетин түзүү
- Айыл чарба жана мелиорация министрлигине азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү үчүн кошумча функцияларды ыйгаруу
- Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана электрондук башкаруу борборунун базасында маалыматтык технологиялар мамкомитетин түзүү
- Экономика, транспорт министрликтеринин, мамкаттоо кызматынын, геология жана минералдык ресурстар агенттигинин функцияларын кыскартуу
- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекцияга кендерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияларды кошуп берүү
Өкмөт түшүндүргөндөй, түзүмдүн өзгөрүшү штаттын көбөйүшүнө жана чыгымдардын өсүшүнө алып келбейт.