Караколдо “Ысык-Көлдүн тарыхый мурасы” аттуу фотокөргөзмө уюштурулат. Сүрөттөрдө кыргыздардын XX кылымдын башындагы Көл жээгиндеги аймактарда өткөн турмуш-тиричилиги чагылдырылат.

Программа боюнча, көчмөн элдин күнүмдүк оокаты тартылган сүрөттөр көргөзүлөт. Ошондой эле, Ысык-Көлдүн белгилүү адамдарынын жашоосундагы учурлар фото аркылуу көрсөтүлөт. Бул сүрөттөрдүн көбүн Орто Азияга келген саякатчылар жана изилдөөчү-окумуштуулар тарткан.

Көргөзмөгө келгендер өткөн кылымга экскурсия жасап, элдин жүз жылын мурунку жашоо-тиричилиги менен тааныша алышат.

Иш-чара 24-июнда саат 17:00дөн 23:00гө чейин Ы. Туманов атындагы музыкалык окуу жайда өтөт. Көргөзмөнүн уюштуруучулары: Каракол туроператорлор ассоциациясы, VisitKarakol долбоору жана “Көчмөн” коомдук фонду.