Кумтөр кени дегенде “Камеко”, “Центерра Голд Инк”, “Кумтөр Оперейтинг Компани” жана “Кумтөр Голд Компани” аталышындагы компаниялары айтылат. Бирок, ал ишканалардын бири-биринен айырмасын, кайсы компаниясы канчанчы болуп түзүлгөнүн калктын калың катмары түшүнө бербейт.
Андан сырткары, кендин айланасындагы талашып-тартышуулар бүтпөй келет. Башында 67% үлүшкө ээлик кылган Кыргызстан кийин эмнеге 30%ын гана башкарып, ортодо үлүшү 16%га чейин кандайча түшүп кеткен деген суроолор туулат. Баарын ирээттеп, четинен карап көрөлү.
Доордун долбоору. Башталышы
Кумтөрдө алтын казуу долбоору 1992-жылы башталган. Кыргыз өкмөтү менен канадалык “Камеко” корпорациясы келишим түзүп, кол койгон. Кенди иштетүү толугу менен “Камеконун” колуна өткөн. Келишимге ылайык, акциялардын 67%на Кыргызстан, 33%на “Камеко” ээ болот. Анын негизинде “Кумтөр Голд Компани” ЖАКы түзүлүп, уюштуруучулардын катарына “Кыргызалтын” мамлекеттик концерни кирген. “Кумтөр Голд Компанинин” атынан “Кумтор Оперейтинг Компани” ЖАКы операторлук кылат, башкача айтканда, бүт иш процесстерин жүргүзөт.
«Камеконун» «Центеррага» айланышы
2004-жылы Кыргызстан менен «Камеко» макулдашып, Кумтөрдү «Centerra Gold Inc» ачык акционердик коомуна өткөрүп бермей болушат. Кыргызстан «Центерранын» 26,8%ына ээлик кылат. «Центерра» акционердик коом болгондуктан, калган акцияларына «Камекодон» тышкары башка адамдар же компаниялар дагы ээ боло алат. Канадалыктар башка өлкөлөрдө кен өндүрүштөрү ачылып, кирешенин көбү ошол жактан түшүп турат деп пландаган. Акционер катары Кыргызстан да «Центерранын» бардык кирешесинин 26,8%ын алып турмак.
Жупуну айтканда, «Центерранын» кирешеси Кумтөрдөн 100 сом болсо, башка кендерден дагы ошончо же андан көбүрөөк түшөт. Ошондуктан, Кыргызстанга Кумтөрдөн гана киреше албастан, «Центеррага» үлүшкер катары кирип, анын жалпы кирешесинин бир бөлүгүн алып турган көбүрөөк пайда алып келмек.
Ушундай курулай үмүт менен кыргыз өкмөтү Кумтөрдөн түз алып турган 67%дык үлүшүн «Центеррадагы» 26,8%га алмаштырат. «Камеко»болсо 2009-жылы «Центтеррадагы» бүт акцияларын сатып түгөтөт.
Ал ортодо Кыргызстан акцияларынын бир бөлүгүн 80 млн долларга сатып жиберет да, 15,6%га гана ээ болуп калат. Тескерисинче, 85% үлүш канадалыктарга (анын ичинде миңдеген адамдар жана компаниялар бар) өткөн.
Туруксуз келишим
2007-жылы алтындын баасын көтөрүү жана шарттарды жакшыртуу максатында кайрадан келишимдерди карап чыгуу колго алынган. 2009-жылы “Камеко” акцияларын “Центеррага” биротоло сатып, өзүнүн негизги иши менен кетет. Келишимдин негизинде Жогорку Кеңеш ратификациялаган мыйзамга ылайык, Кыргызстанга 43 млн акция кошумча бөлүнүп берилип, биздин «Центеррадагы» үлүшүбүз кайра 33%га чейин көтөрүлүп калат.
Ошентип, “Центерра” 100% “Кумтөргө” ээлик кылып, Кыргызстандын тиешеси дээрлик азаят. Анткени, «Центерраны» 12 адамдан турган директорлор кеңеши башкарат. Ал кеңеште Кыргызстандын 3 гана өкүлү бар. Чечимдерди кабыл алууда кыргыз тараптын сөзү өтүмдүү эмес.
Эмне үчүн «Центеррадан» айтылган көп киреше түшпөй жатат?
Кыргызстан «Камеко» менен иштеп жатканда Кумтөрдөн алып жаткан 67%ынан баш тартып, «Центерранын» 26,8%ына макул болушуна (расмий түрдө) «Центерра» көп өлкөлөрдө кен казып баштайт деген пландары себеп болгон.
Ооба, учурда «Центерранын» Монголия, АКШ жана башка бир нече өлкөдө кендери бар. Бирок, компаниянын кирешесинин 97% учурда «Кумтөрдөн» түшөт. Кыргызстан болсо ошол кирешенин үчтөн бир бөлүгүн гана алып турат. Бийликти ушул көрүнүш нааразы кылып келет.
Нааразычылыктын артында эмне турат?
Башынан баштап эле кыргыз бийлиги Кумтөрдөгү жемкорлук иштерине белчесинен баткан болот. Жыйынтыгында, экономикалык, экологиялык жактан түшүнбөстүктөр орун алып, саясатташып кеткени жашыруун эмес. Жакында Алмазбек Атамбаев УКМК менен Башкы прокуратурага 2003-2009-жылдардагы кабыл алынган келишимдерди териштирүүнү буйруду.
“Жогорку жакта “Кумтөр” кенин кайра калыбына келтирүүнү депутаттар да көтөрүп чыгышты. Эми Башкы прокуратура баарын объективдүү эсептеп, анализ кылып, келтирилген зыян, чыгымдарды эсептеп чыгуусу керек”, — дейт экономика илимдеринин доктору, көз карандысыз эксперт Кубанычбек Идинов.
“Канада арбитраждык сотто эмне үчүн утуп кетебиз деп жатат? Себеби, алар силердин бийлик билип, макул болуп кол койгон деши мүмкүн. Бул иштерге юридикалык баадан дагы саясий баанын берилиши туура болот. Анткени, биздин жетекчилерди акчага сатып алып, эл аралык коррупцияга кириптер кылышкан. Жемкорлук схемасы келишим түзүлөрдөн мурун ойлонуштурулган”, – деп кошумчалайт.
Анын айтымында, бул – “эл аралык коррупция кандай болот?” деген суроого жооп берген, дүйнөгө атайын бир үлгүсү болуп калышы мүмкүн.